Рус Кырг Eng

Конституцияга толуктоолорду киргизүүнүн аркасында Кыргызстандын көз карандысыздыгы жогорулайт – саясат таануучу

Конституцияга толуктоолорду киргизүүнүн аркасында Кыргызстандын көз карандысыздыгы жогорулайт – саясат таануучу

КРнын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүүсү менен улуттук сот адилеттиги эл аралык уюмдардын чечимине көз каранды болбой калат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Ал белгилегенлей, эгер мурда КРнын Жогорку сотунун чечими эл аралык уюмдарга даттанууга жатып, КРнын сот адилеттигине таасир эткен болсо, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен акыркы чечимди Кыргызстандын соттору чыгарат, бул Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдөөгө жол ачат.

“Өзгөртүү КРнын көз карандысыздыгына коркунуч жараткан беренелерге киргизилди. Анда өзгөртүүгө же алып салууга муктаж болгон бир катар беренелер бар болчу, анткени алар эл аралык укукка улуттук укуктун үстүнөн кароого мүмкүндүк берип турган”,-деди А.Арзыматова.

“Өзгөртүүлөр көз карандысыздыкка коркунуч жараткан беренелерге киргизилди, эл аралык уюмдар эски Конституцияга таянуу менен мамлекеттин ичиндеги ички иштерге кийлигишүүгө жана соттордун чечимдерине таасир этүүгө мыйзамдуу укукка ээ болуп келишкен.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети КРнын Жогорку соту Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгуусу тууралуу чечим кабыл алганда алар ушундай чечим чыгарууга укугу бар экенин ачык эле айтышкан, анткени биздин Конституция ага мүмкүндүк берген. Эми алар улуттук сот адилеттигине кийлигише алышпайт”,-деди саясат таануучу.

Анын айтымында, жумушчу тобу КРнын Конституциясын кыргыз жана орус тилдеринде шайкеш келтирүүсү үчүн убакыт керек болду.

“2010-жылы Конституция кабыл алынганда бары шашылышкан, эми ал эмнеге алып келгенин көрүп жатабыз. Анда текстин кыргыз жана орус тилдериндеги мазмунун тактай турган учурлар көп болчу. Мен жумушчу топ Башмыйзамдагы кемчиликтерди шашпастан иштеп чыкканын туура деп ойлойм”,-деп сөзүн жыйынтыктады А.Арзыматова.

http://kabar.kg/kyr/news/konstitutciiaga-toluktoolordu-kirgiz-n-n-arkasynda-kyrgyzstandyn-k-z-karandysyzdygy-zhogorulait-saiasat-taanuuchu/