Рус Кырг Eng

Биз Жөнүндө

«Жарандык платформа»коомдук фонду – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм (ӨЭУ), анын миссиясы Кыргызстандын жарандарынын саясий, экономикалык жана социалдык бакыбаттыгына жетишүү үчүн жарандык коомдун институттарын түзүүгө жана дараметин калыптандырууга багытталган.

Фонддун максаты-Кыргыз Республикасында демократиянын негиз түзүүчү принциптерин имплементациялоонун натыйжалуу механизмдерин калыптандырууга жана адам укуктарын сактоого көмөк көрсөтүү максатында жарандык демилгелерди илгерилетүүдө, жарандык коомдун институттарын бекемдөөдө, жарандык укуктук маданиятты көтөрүүдө турат.

Ишмердик багыттары

* жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эдвокаси аркылуу илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча мыйзамдык процессте коомдун катышуусуна көмөк көрсөтүү;

* улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде парламентаризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү;

* мамлекеттик институттардын ишинин натыйжалуулугуна багытталган реформаларга катышуу, шайлоо процессин, сот системасын жакшыртуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;

* мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча жарандык коомдун институттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Негизги милдеттер

* адам укуктарынын ролун жарандардын түшүнүүсүнө багытталган иш-чараларды алардын арасында өткөрүү;

* жарандардын укуктарынын сакталышы жана жарандык демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү предметине мамлекеттик институттардын ишине мониторинг жүргүзүү;

* жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, юридикалык консультациялар, укуктук маселелерди чечүү үчүн жарандарга жардам көрсөтүүдө коомдук кабылдамалардын ишин уюштуруу;

* жарандардын укуктарын коргоо жана алардын таламдарын илгерилетүү максатында эдвокаси өнөктүгүн өткөрүү;

* мамлекеттик түзүмдөр жана жарандык коомдун ортосунда конструктивдүү диалогду бекемдөө аркылуу ар кандай коомдук-

маанилүү маселелер боюнча альтернативалуу эксперттик пикирди калыптандырууга көмөк көрсөтүү;

* улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде парламентаризмди өнүктүрүүгө багытталган чараларды илгерилетүү;

* мамлекеттик, коомдук уюмдар, бизнес-түзүмдөр, ЖМКлар жана калктын ортосунда жарандык демилгелерди өнүктүрүү маселелеринде зарыл коммуникацияларды калыптандыруу;

* Фонддун миссиясын жүзөгө ашыруу жана долбоорлорду жана программаларды аткаруу үчүн натыйжалуу инновациялык социалдык технологияларды пайдалануу;

* Фонд тарабынан коюлган милдеттерди жүзөгө ашырууга багытталган өздүк долбоорлорду, программаларды, акцияларды иштеп чыгуу.

Маалымдуулук жана ачыктык

Фонд мамлекеттик бийлик органдары жана жарандык коомдун институттары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен Фонддун максаттарына жетишүүгө жана анын миссиясын ишке ашырууга өбөлгө болгон системалуу, аракеттүү жана жооптуу диалогго алып баруучу өз ара аракеттенүү үчүн ачык.