Рус Кырг Eng

Өкмөт өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарга айыл макамын ыйгарууу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долборун экинчи окууда жактырды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа, Учкун, Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз жана Узун-Булак, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият, Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш, Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок, Өрнөк, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш, Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш конуштарын, жалпысынан 31 калктуу конушту айыл категориясына которуу сунушталууда.

Аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жалпы жыйындарында ал конуштарга айыл макамын ыйгаруу туралуу чечимдер кабыл алынган. Анын негизинде жергиликтүү кеңештер, мамлекеттик администрациялар, КР Өкмөтүнүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси  КР Өкмөтүнө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда каралган.

http://kenesh.kg/ky/news/show/7950/okmot-olko-aymagindagi-bir-katar-kalktuu-konushtarga-ayil-makamin-iygaruuu-demilgesin-kotoruudo