Рус Кырг Eng

Парламентке элдин кызыкчылыгын коргогон, күчтүү партиялардын келишин камсыздай турган система керектиги айтылды

Парламентке элдин кызыкчылыгын коргогон, күчтүү партиялардын келишин камсыздай турган система керектиги айтылды

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорундагы юридикалык түшүнүктөр бөлүгүндөгү «консулдук округ» түшүнүгүн алып салууну, кошумча тизме дегенди токтотуу зарылдыгын сунуштады. Ал эми депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору чийки деген көз карашы менен бөлүштү. Анын айтымында, мыйзам долбоору коомчулук талап кылган принциптерге дал келбейт. Ошону менен катар И.Масалиев долбоорго шайлоо босогосун 5%га түшүрүү, шайлоо жыйынтыгында 3% добуш алган партияларга 5 мандатты бөлүштүрүп берүү керектигине бир катар жүйөлөрдү келтирди. Мындан сырткары, И.Масалиев эгер мамлекеттик кызматкер шайлоого барса кызмат ордун толугу менен таштап баруусу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн депутат Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, 9%дык босогону калтыруу керек дейт. Анкени, мындай шартта парламентке чындап эле элдин колдоосуна ээ болгон ири-ири партиялар келет.

Жыйынга чакырылган коомдук уюмдардын өкүлдөрү сессия жыйындарына анда-санда гана катышкан депутаттарды чакыртып алуу процессин киргизүү, Жогорку Кеӊеш депутаттарынын санын кыскартуу сунуштары менен чыгышты. Ошондой эле күчтүү, элдин кызыкчылыгын коргогон партиялардын келишин камсыздай турган, бийлик бутактарынын ортосундагы баланс сакталгандай, көпчүлүк коалициянын жоопкерчилиги каралган ченем кирген система курулушу керектигин белгилешти. Угуунун дагы бир катышуучусу элдин дагы бир чоӊ укугу – шайлаган депутатын чакыртып алуу укугу сакталбай келе жаткандыгын айтты.

Мындан сырткары, коомдук угуунун катышуучулары Жогорку Кеӊешке өлкө аймагындагы бардык райондорунан өкүл келишин камсыздоо өтүнүчү менен чыгышты. Шайлоо системасы боюнча эксперт Акылбек Сариев референдумга мыйзам долбоору эмес, мыйзам чыгарылышы керек деген пикирин ортого салды. Мындан сырткары, эксперт шайлоочунун добуш берүү адреси деген ченемди алып салууга мезгил келип жеткендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди шайлоо мыйзамдары тармактык комитеттин талкууланган учурда эске алынмай болду.

http://kenesh.kg/ky/news/show/7905/parlamentke-eldin-kizikchiligin-korgogon-kuchtuu-partiyalardin-kelishin-kamsizday-turgan-sistema-kerektigi-aytildi