Рус Кырг Eng

Жогорку Кеӊеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө

Жогорку Кеӊеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канатбек Керезбеков депутаттар тобу тарабынан шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтому коомчулук арасында кызыгуу жаратып жатканын белгиледи. “Сунушталган 4 мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан, ал эми 1 мыйзам депутат Дастанбек Бекешев тарабынан демилгеленүүдө”, – деди ал.

Парламенттик угуунун күн тартибинде төмөнкү мыйзам долбоорлору турат:

– «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө», «КР Референдуму жөнүндө» КР крнституциялык мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

– «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

-«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

– «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

– “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзам долбоору (депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген).

Ал эми депутат Аида Касымалиева парламенттик угуунун күн тартибинде талкууланып жаткан мыйзам долбоорлору буга чейин биринчи окууда кабыл алынганын эске салып, талкуу жүрүшүндө көптөгөн сунуштар келип түшкөнүн белгиледи. «Биринчи окуу жүрүшүндө келип түшкөн сунуштар мына ушул парламенттик угууда түшкөн сунуштар менен бирге каралып, алардын алгылыктуулары эске алынат», – деп, ал иш-чара катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.