Рус Кырг Eng

«Жарандык платформа» коомдук фондунун эксперттери шайлоо мыйзамдары боюнча мыйзам долбоорлоруна талдоо жүргүзүштү

2019-жылдын 25-мартында “Жарандык платформа” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М. Эргешов жана Н.К. Алимбеков тарабынан демилгеленген шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөткөн.

Алсак, төмөнкү мыйзам долбоорлоруна талдоо жүргүзүлгөн:

  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна;
  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна;
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна;
  • “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна.

Жалпысынан, жүргүзүлгөн талдоо сунушталып жаткан ченемдер жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл экендигин көрсөттү. Муну менен бирге эле, соттуулугуна жана шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоого байланыштуу бир катар жагдайлар бар, аларды демилгечилер шайкеш келтирүүсү зарыл.

http://kg.akipress.org/news:1500608?f=cp