Рус Кырг Eng

Оюн эрежесин өзгөртүү – жакын шайлоонун белгиси

Оюн эрежесин өзгөртүү – жакын шайлоонун белгиси

2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарды жакшыртуу стратегия долбоору коомчулуктун кароосуна коюлду. Президент Соронбай Жээнбековдун шайлоо мыйзамдарын жаңылоо буйругу жана жаңы иштелип чыккан документ, мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоого даярдык катары да кабылданып жатат.

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн эрте отставкага кетирүү сценарийи канчалык реалдуу? Анын кандай укуктук жана саясий негиздери болушу мүмкүн?

“Стратегия максаты – парламенттик системаны бекемдөө”

БШКда атайы жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан шайлоо мыйзамдарды жакшыртуу боюнча стратегия долбоору коомдук талкууга коюлду.

Президенттик аппараттын биринчи орун басары Досалы Эсеналиев жумушчу топтун жетекчиси катары стратегияда парламенттик системаны бекемдөөгө көбүрөөк орун берилгенин белгиледи.

“Кыргызстанда эң негизги саясий система парламенттик болууда. Ал эми парламенттик системанын эң негизги бөлүгү бул анын саясий партиялар тарабынан куралышы. Ал жеке адамдардын эмес, ошол партиялардын программалары, идеялары парламентке алып келүүнүн негизги критерийи болушу керек. Стратегия үстүндөгү биздин негизги жумуш ушуга багытталган. Парламенттик системаны бекемдөө жана партиялар тарабынан таза куралышына бардык шарттарды түзүү”,- деди Досалы Эсеналиев.

Шайлоо мыйзамдарына кандай өзгөрүүлөр кирип жатканы тууралуу төмөнкү шилтемеде кенен тааныша аласыз.

Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда өткөн шайлоо учурундагы мыйзамдардын негизинде талапкерлиги көрсөтүлүп, үгүт ишин алып барып, жеңип чыккан.

Бирок жарым жыл өтпөй 20-мартта ал шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга буйрук берип, президенттик аппараттын биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин жетекчилигинде шайлоо эрежелерине өзгөртүү жана толуктоолор кирип атат.

“Шайлоо жакындап калды…”

Айрым талдоочулар бул парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү ниетине байланыштуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.

“Эмне үчүн биздин президент ушуга барып жатат? Бул менимче, шайлоонун жакындап калганын белгиси го. Быйыл болбосо да, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болушу мүмкүн. Анткени демократиясы аз мамлекеттерде кандай гана бийлик болбосун ысыгы тарай элегинде, авторитети бар кезинде өздөрүнө ылайыктап шайлоону өткөрүп алууга аракет жасашат. Менин оюмча жакынкы күндөрү шайлоо болору бышык. Шайлоодо азыр бийликте отургандар жок дегенде 60-70% менен утат”, – деди юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев.

Парламент тарайт же тарабайт деген сөздөр мурунку президент Атамбаевдин соңку башкаруу жылында алгач көтөрүлүп, бирок жаңы президент шайлангандан кийин деле актуалдуу тейден калууда.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо кандай жагдайда өтүшү мүмкүн?

Бул сценарийди ишке ашырууга 2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын жаңы реадакциясында олуттуу бөгөттөр бар.

Президентте Жогорку Кеңешти тарата алчу тикелей укук жок. Бирок өкмөт менен парламент ортосунда саясий кризис орун ала турган болсо, өлкө башчысында парламентти отставкага жөнөтүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

Ал кандай жагдайлар болушу мүмкүн?

“Баш мыйзамдын 84-берененин 6-бөлүгүнө ылайык, парламент Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте өкмөттүн түзүмү, курамы жана программасын бекитпесе, президент Жогорку Кеңешти тарата алат. Ошол эле 86-берененин 1-бөлүгүнө ылайк, парламент бир жыл ичинде эки жолу өкмөткө ишеним көрсөтпөсө, президент 5 күндүн ичинде өкмөттү отставкага кетирип же мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындашы мүмкүн”, – деген эмгек сиңирген юрист Мурат Укушов Саясий-укуктук иликтөөлөр борборуна берген серебинде.

Бирок бул эки сценарий менен парламентти таратуу мүмкүн эместей. Себеби Жогорку Кеңеш өзүнө өзү көр казбайт. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө өкмөттү бекитип берет жана ага ишеним көрсөтпөй кое албайт. Парламент мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин бекитүү маселесинде чечимдерин маалкаткан жок.

Ошол эле учурда Конституцияда парламенттин өзүн-өзү таркатуусу боюнча мүмкүнчүлүктөр кенен.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, парламент депутаттарынын үчтөн экиси же 80 депутат өзүн-өзү таркатуу пикирине келсе, Жогорку Кеңештин отставкасы камсыздалат.

Мындай жагдайда президент 5 күн ичинде жаңы шайлоолорду дайындай алат. Бирок бул сценарий менен деле парламент отсавкасы ишке ашары күмөн. Эксперттердин айтымында, көп каражат жумшап мандатына жеткен депутаттардын баары эле ага макулдугун бере бербесе керек.

Анын үстүнө президенттин өзү үчүн деле азыркы жагдайда парламентти отставкага таратуу кооптуу. КСДП тарабынан президенттикке көрсөтүлгөнү менен, азыр социал-демократтар Жээнбеков үчүн таяна турган партиябы деген суроолор туулат.

https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-44615425