Рус Кырг Eng

Бишкекте Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук талкуу өтүүдө

Бүгүн, 11-майда  Бишкекте  «Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолдору. Шайлоо процессинин стратегиялык багыттарын аныктоо» коомдук диалогу өтүп жатат.

Иш-чараны Бишкектеги ЕККУнун Программалык офисинин колдоосунда БШК жана КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ менен бирдикте «Жарандык платформа» КФ уюштурган.

КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн.

Өткөрүлүп жаткан иш-чара шайлоо системасын өркүндөтүүнүн жолдорун талкуулоо боюнча коомчулуктун арасында диалог үчүн аянтча болуп саналат, мында катышуучуларга  “2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнү стратегиясы” долбоору боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бардык сунуштар каралып жана   Стратегиянын долбооруна киргизилет.

Коомдук талкууга КР ЖК фракцияларынын жана саясий партиялардын өкүлдөрү; БШК жана МКК жетекчилиги; эксперттик коомчулук; жарандык сектордун активисттери; эл аралык уюмдардын жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышат.

Талкуу үчүн бардык катышуучуларга 4 максаттуу багыт сунушталат:

– “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук  мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”;
– “Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын-алуу жана бөгөт коюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”;
– “Саясий партияларды өнүктүрүү аркылуу парламентаризмди мындан аркы бекемдөө”;
– “Шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ЖӨБ органдарынын  өз ара аракеттенүүсүнүн көйгөйлөрү жана келечектери”.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүүнүн негизги маселелеринин топтомун талкуулашты, анын ичинде:
– жарандардын шайлоо укуктары жөнүндө маалымдарлыгы;
– өлкөдөн сырткары жашаган жарандардын добуш берүүсү;
– саясий маданият маселелери;
– партиялык түзүлүш;
– шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү;

-шайлоочулардын добуш берүүдө аңдап-түшүнүлгөн тандоосу .

Уюштуруучулар билдиргендей, коомчулук ичинде шайлоо системасын өркүндөтүүнүн жолдорун талкуулаган соң иш парламенттик деңгээлде уланат.

Коомдук диалогдун жыйынтыктары боюнча катышуучулар Кыргызстанда шайлоо реформасынын негизи – шайлоолорго жарандардын ишеними болушу керектигине басым жасап, көбүрөөк көңүл бурулду.