Рус Кырг Eng

БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат

БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат

Борбордук шайлоо комиссиясы IFES (Шайлоо системасы эл аралык Фонд) менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну аяктады. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Тренингдин программасында: КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамындагы өзгөртүүлөргө талдоо жүргүзүү жана окуп үйрөнүү; шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары боюнча идентификация формасы, автоматтык саноо урнасынын (АСУ) добуштарды саноодогу жыйынтыгы тууралуу протоколду сканерден өткөрүп жана жөнөтүү, шайлоо комиссиясынын этап боюнча ишмердиги, ошондой эле шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендер менен иштөө боюнча блоктор тууралуу темалар бар.

АШКнын мүчөлөрүн окутууда конкурстук жол менен шайлоо укугу чөйрөсүндө тренинг өткөрүү тажрыйбасы бар 90дон ашуун тренер тандалып алынган.

Окутуу иштери 7-августтан 11-августка чейин өлкөнүн 54 аймактык шайлоо комиссияларында өткөрүлүп, бардыгы болуп 640 адам окутулган.

Азыркы учурда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө. Кыргызстанда 2375 шайлоо участкалары түзүлүп, аларда 23000ден ашуун адам иштемекчи.

КР БШК IFES менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарлары үчүн атайын модуль ТҮТ (тренерлер үчүн тренинг) иштеп чыккан, анын катышуучулары коллегалары менен таанышып, кийинки пландуу окууга даярдана алышат.

ТҮТ–интерактивдүү аянтча, анда тренерлер билим деңгээли жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле тренингдин катышуучусу болууга, жана окутуу процессин ичтен билүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

БШКнын окутуу Борбору шайлоо системасынын Эл аралык фонду менен биргеликте АШК, УШК, тренингдин катышуучуларына окутуу материалдарын, жетекчилик, журналдарды иштелип чыккан.

УШКнын мүчөлөрүн окутууну ушул жылдын августунун аягына чейин бүтүрүү пландалууда, андан кийин тренерлердин окутуу сапаты, структуралык методикалык куралдар жана материалдар, ошондой эле окуу процессин уюштуруу боюнча модулдун маанилүү бөлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүү өткөрүлөт.

http://kabar.kg/kyr/news/bshk-aimaktyk-zhana-uchastkalyk-shailoo-komissiialarynyn-m-ch-l-r-n-okutat/